Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу арыз менен кайрылып, жеке компаниянын 9750 доллар алган директоруна чара көрүүнү суранган. Директор бул акчага үй алып берүүнү убадалап, из жашырган.

Кылмышка шектелип, 1971-жылы туулган аял кармалган. Анын үстүнөн дагы 4 арыз түшкөн. Жалпы зыян 80 миң долларга жеткен. Тергөө уланууда.