Бишкекте алдамчылыкка шектелип курулуш компаниясынын директору кармалды

Бишкекте алдамчылыка шектелип курулуш компанияларынын биринин директору кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык 2020-жылдын октябрь айында калаа тургуну арыз менен Ленин РИИБине кайрылган. Арызда шектүү 2019-жылдын 14-сентябрь күнү Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен ишенимге кирип, көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батирге жасалма келишим түзгөн. Андан соң 50 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алгандан кийин өз убадасын аткарбай, белгисиз тарапка из жашырып качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1969-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Ленин райондук соту карап, эки айга СИЗО-1ге камакка алды.

Териштирүү иштеринде Ленин РИИБине дагы 9 жаран кайрылып, шектүү адам алдап кеткенин айтышкан. Учурда тергөө кызматы шектүүнүн башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогун текшерүүдө.

Мындан улам милиция кызматкерлери жарандардан сүрөттөгү шектүүдөн жабыркагандар болсо же башка маалыматтарды билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюну өтүнүшүүдө.

Байланыш телефону: 0312 352-947, 0312 654-494, 0700 911-119 жана 102.