Бишкекте алдамчылыкка шектелип Кытайдын жараны кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдирищти.

Маалыматка караганда, 27-май күнү саат 10:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндөгү заводдордун биринин аймагында жүргөн жаран ишенимге кирип, алдамчылык жол менен биргелешип ишкерлик кылууну убада кылып, 31 миң 400 долларын алган. Каражатты алгандан кийин убадасын аткарган эмес.

22-июнда Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган.