Бишкекте алдамчылыкка шектелип мурдагы мугалим кармалды

Унааларга байланышкан алдамчылык фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Август айында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун кайрылып, анын унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган. Маалым болгондой, ага июль айынын орто ченинде унаа баалоочу кайрылып, ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 20 миң долларлык Киа Спортейдж үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, аз убакыттын ичинде төлөп берүүнү убада кылган. Бирок ал чет элдик унааны үчүнчү жактарга кайра сатып, изин жашырып кеткени белгилүү болгон.

Кылмышка шектүү катары билим берүү мекемелеринин биринин мурдагы окутуучусу, мугалим Бишкек шаарынын аймагында кармалган. Соттун чечими менен ага карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.