Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя боюнча иш эмне болуп жатат? Бишкек ШИИБ жооп берди

Бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков түз эфирде Бишкектеги апасы, кызы жана уулу менен өлтүрүлгөн окуя боюнча суроого жооп берди.

«Тергөө уланууда, окуянын себеби, жагдайлары аныкталып жатат. Жетиштүү далилдер бар. Бул кылмыш иши боюнча жакынкы арада процессуалдык чечим кабыл алынат. Анын жыйынтыгы жарыяланат»,- деди ал.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган.