Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя боюнча соттук отурум башталды

Бүгүн, 11-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда 3 кишинин киши колдуу болуу фактысы боюнча соттук отурум башталды.

Отурумду судья Надырбек Токтосунов алып барууда. Ишке катышкан негизги адам конвойлордун коштоосунда сотко жеткирилген. 

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адам киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары кылмыш иш тергелип жатканын, ишти сотко өткөрүүгө жетиштүү далилдер бар экенин айткан.