Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Шектүү 16-июнга чейин камакта болот

Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуяга шектелип кармалган жарандын бөгөт чарасы узартылды. Ал 16-июнга чейин камакта болот. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден билдиришти.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары кылмыш иш тергелип жатканын, ишти сотко өткөрүүгө жетиштүү далилдер бар экенин айткан.