Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Тергөө убактысы узартылды

Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя боюнча тергөө убактысы узартылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, тергөө 16-июнга чейин узартылган.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары кылмыш иш тергелип жатканын, ишти сотко өткөрүүгө жетиштүү далилдер бар экенин айткан.