Бишкекте апасын сабап жаткан шектүү милиция кызматкерине да кол көтөргөн

Бишкекте бейбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

7-сентябрда саат 14:30 чамасында милицияга баш ийбей жаткан адам тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган жаран кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аймактык милиция аймагында күзөттө жүрүп, үйдөн аялдын кыйкырыгын угуп калган. Жаран мас абалында өзүнүн апасын сабап жатканы аныкталган. Милиция кызматкерине баш ийбей ага да кол көтөрүп, бир нече жолу чаап жиберген. Милиция ооруканага кайрылды. Тергөө уланууда.