Бишкекте асманга ок чыгарган жигит өз ыктыяры менен тапанчаны өткөрүп берди

Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде асманга ок чыгарган чыгарган жигит ГБРдин (ыкчам ылдамдык тобу) кызматкери экенин 25-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 12-ноябрга караган түнү болгон. Анын бул кылыгы видеого тартылып, кийин социалдык тармактарга тараган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси (калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) менен катталган. 24-ноябрь күнү милиция бөлүмүндө 2002-жылы туулган жигит өз ыктыяры менен МР-371 КВ факелдик тапанчасын жана гильзасы жок огун тапшырган. Экспертиза дайындалды.