Бишкекте ата 14 жаштагы кызы зордукталганын айтып милицияга кайрылган. Шектүү изделүүдө

Бишкекте 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран изделип жатат. Бул туууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигене Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-январда милицияга жаран кайрылып, 9-январга караган түнү 2008-жылы туулган кызын зордуктап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган окуя Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган. Учурда шектүүнүн жүргөн жерин аныктоого жана кармоого багытталган бардык зарыл болгон тергөө амалдары жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Бул иш Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө»,- деп айтылат маалыматта.