Бишкекте атышуу болгону айтылууда

Кечээ, 7-августта Бишкекте атышуу болгону айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын жазган маалыматтарына ылайык, Биринчи Май районунун көчөлөрүнүн биринде Range Rover үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү башка адамдар менен болгон уруштан кийин ок чыгарышып, андан соң белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Азырынча шектүүлөрдүн кармала электиги да айтылды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Биринчи Май РИИБге байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтышты.