Бишкекте аутизм менен жабыркаган баланы муштап жиберген жаран милицияга өзү барды

Бишкектеги бейтапканада эркек киши аутизм менен жабыркаган 14 жаштагы баланы муштап жиберген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жабырлануучунун эжеси билдирген.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 27-августта саат 13:16 чамасында Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан бейтапканада болгон. «Менин иниме кол көтөрүштү. Ал 14 жашта аутизм менен жабыркайт. Иним ал кишинин рюкзагын кармап койгон экен. Иниме кол көтөргөн соң, кетип калды. Мен инимдин жанында болчумун. Кол көтөргөн кишинин жазалануусун талап кылам», деген ал.

Ленин РИИБден шектүү милицияга өзү барганын билдиришти. 1990-жылы туулган жаран баланын жакындарынан кечирим сурап, анын өзгөчө бала экенин билбей калганын айткан.

«Мен баланын сумканы ачып жатканын көрүп, бир нерсе алгысы келип жатат деп ойлогом. Эртеси интернеттен видеону көргөндө дароо милицияга кайрылдым», — деп түшүндүрдү ал адам өзүнүн реакциясын.

Милиция тергөөгө чейинки текшерүү уланып жатканын билдирди.