Социалдык тармактарда жеңил унаанын айдоочусу менен автобустун айдоочусунун мушташып жаткан видеосу тараган. 25-октябрда Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, Kia morning унаасынын айдоочусу милиция бөлүмүнө жеткирилгенин билдиришкен.
Октябрь РИИБден 1990-жылы туулган жаранга майда бейбаштык беренеси менен протокол толтурулганын билдиришти. Бардык чогултулган материалдар Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн. Соттун чечими менен жеңил унаанын айдоочусу 3 суткага камакка алынды.