«Бишкекте автобус аялды өлтүрө сүздү» деген видео тарады

Социалдык тармактарда Бишкектеги Курманжан Датка менен Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде автобус аялды өлтүрө сүзүп кетти деген видео тараган. Бишкек ШИИБден кырсык тууралуу маалымат беришти.

«28-ноябрь күнү эртең мененки саат 06:30 чамасында Курманжан Датка көчөсү менен түндүктү көздөй бараткан автобустун айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол менен батыштан чыгышты көздөй басып бара жаткан 1951-жылы туулган аялды сүзүп кеткен. Ал алган жаракаттарынын кесепетинен Тез жардам келгенче каза болгон.

Факты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталды жана керектүү экспертизалар дайындалып, автобус айып төлөөчү жайга киргизилди. Ал эми коомдук транспорттун айдоочусу тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.