Бишкекте автобус жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткени айтылган видео тарады

«Жүргүнчүлөрдү ташыган автобус бир кишини сүзүп, ал каза болду» деп билдирет окуянын күбөсү.

Кырсык Жибек Жолу проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишине жакын жерде болгон.

«Автобус 3 адамды сүзүп кетти. Бирөө каза болуп, экөөнү ооруканага алып кетишти», — дейт күбө.