Бүгүн, 1-ноябрда болжол менен саат 09:15те 216-каттамынын Зонгтонг үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Айдоочу Айни көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатканда Шота Руставели көчөсүнөн Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол белгисине баш ийбей түштүктү көздөй чыга калып, жогоруда аталган автобустун алдыңкы оң капталын сүзгөн. Автобус кырсыкка кабылгандан кийин жол жээгиндеги токтоп турган жеңил унааны сүзүп токтогон. Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар бар.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, күбөлөрдүн айтуусунда автобус өз жолу менен бараткан учурда катуу ылдамдыкта келе жаткан Ниссан үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Жогорудагы жол кырсыгы катталды.