Бишкекте автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсык катталды (видео)

11-февралда №107 автобус менен KIA К7 үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жол кырсыгы Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. KIA К7 унаасынын айдоочусу автобус менен бир багытта бара жатып, каршы тилкеге чыгып, автобустун сол бурчун сүрүп токтогон. Учурда иш Бишкек шаары боюнча ИИМдин патрулдук кызмат бөлүмүндө каралууда.