Бишкекте автобус өлтүрө сүзүп кеткен жөө жүргүнчү тууралуу маалымат

Социалдык тармактарда «Жүргүнчүлөрдү ташыган автобус бир кишини сүзүп, ал каза болду» деген видео тараган.

Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты. Маалыматка караганда, 24-октябрда саат 14:30 чамасында 1968-жылы туулган айдоочу №48 маршруттук каттамда жүргөн автобус менен Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишине жетпей жөө өтмөктөн эки адамды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1939-жылы туулган жөө жүргүнчү окуя болгон жерден, өзүнө келбестен каза болгон. Жабыркагандардан дагы бирөө баш мээси чайкалып, Улуттук ооруканага жаткырылган. Ал эми автобустун ичинде кулаган 1997-жылы туулган жүргүнчү дагы ооруканага кайрылган. Учурда тийиштүү экспертизалары дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.