Бишкекте автобус сүзгөн 18 жаштагы кыз көз жумду

«Бишкекте автобус жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп кетти» деген видео тараган. Кырсык боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришип, кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын билдиришти.

«7-октябрда саат 10:00 чамасында 1964-жылы туулган автобус айдоочу болжол менен 18-20 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Териштирүү иштери башталды. Автобус айып короого киргизилди. Тергөө уланууда», — дешкен.

Бишкек ШИИБ маалымат таратып, 2006-жылы туулган кыз алган жаракатынан улам каза болгонун билдирди.