Бишкекте автобус сүзүп кеткен аял көз жумду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бишкекте автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден аялды сүзүп, аял каза болду. Маалыматты журналисттерге Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташкан.

Кырсык бир күн мурун болгон. № 38 автобус Лермонтов көчөсүнөн Көлбаев көчөсүнө бурулуп, жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзгөн. Жабырлануучу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилип, аял ошол жерде каза болгон.