Бишкекте автобуста жигиттин телефонун уурдаган учур видеого түшүп калган

Бишкекте бир нече уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

23-ноябрь күнү Свердлов РИИБге 2005-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү коомдук транспорттон белгисиз адамдар уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.