Бишкекте автобустун жол кырсыкка кабылышы. 15 адам ооруканага жаткырылды

Автобус катышкан жол кырсыктан кийин 15 адам Бишкектин ооруканаларына жаткырылды. Бул тууралуу Тез жардам борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыркагандардын арасында 11 чоң адам жана 4 бала бар. «Жабыркагандардын баары ооруканага жаткырылды. Балдар Шаардык клиникалык балдар ооруканасында», — деп билдиришти. 

Бүгүн, 29-октябрда Бишкектин Чыңгыз Айтматов менен Ыбырайым Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде №8 автобус бакка урунган. Кайгуул кызматы кырсыктын болжолдуу себеби, алдынан унаа чыга калып, андан айдоочу буйтайм деп, рулга ээ боло албай калганын айтышты.