Бишкекте автоунаалардын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелип 45 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жана катализаторлорун урдоого шектелип 45 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-январында болжол менен саат 06:10 чамасында Бишкек ШИИББге шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Павлов менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен унаасынын дөңгөлөктөрүн белгисиз жарандар чечип кетишкенин айткан. Милициянын кайгуул кызматкерлери айтылган дарекке барып, арыз ээсинин Гольф 3 үлгүсүндөгү авто унаасынын 2 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип, 14 миң сомдук зыян келтиргенин аныкташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган жаран кармалды. “Ал дагы башка Mercedes-Benz үлгүсүндөгү авто унаанын катализаторун чечип алуу максатында унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып жаткан жеринен кармалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, уурдоо беренесине ылайык кылмыш иши козголду.