Бишкекте аял баласы менен көз жумган жол кырсык. Шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан жол коопсуздугун жана транспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

17-октябрда түнкү саат 23:30 чамасында 1989-жылы туулган жаран Хендай Соната унаасы Масалиев көчөсүндө бара жатып, Бакаев көчөсүнө кайрылып жатканда 2004-жылы туулган жигит башкарып бара жаткан Тойота Ярис унаасы менен сүзүшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 312 беренесине (Жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ал эми окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда, такси кызматында эмгектенген Хендай Соната үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ошол күнү саат 22:56 чамасында чакыруу кабыл алган. Унаага 1990-жылы туулган аял 2015-жылы туулган баласы менен отурган. 1989-жылы туулган айдоочу жол чырак жашыл күйгөн мезгилде Бакаев көчөсүнөн сол тарапты көздөй бурулган учурда, Тойота Ярис үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен сүзүшкөн.

Соната үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 1990-жылы туулган А.А. Бишкек шаарынын №4 шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, ал эми баласы Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасына жеткирилип, денелеринен алган жаракаттардын кесепетинен улам каза болушкан. Ал эми Сонатанын айдоочусу №4 шаардык ооруканасына амбулатордук кайрылып, “баштын маңдай жагындагы жаракаты” деген диагноз коюлган. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 2004-жылкы А.И., шектүү аныкталып кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Азыркы учурда каза болгон 1990-жылкы А.А., жана 2015-жылкы Э.Э.ге экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган жана жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.