16-январда Сокулук РИИБге аял кайрылып, анын жарандык күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Аялдын айтымында, анын жолдошу 2014-жылы туулган кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден билдиришти.
Аталган факты Свердлов РИИБге катталып, тергөө иштери жүргүзүлө баштаган. Окуя боюнча экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат.