Бишкекте аял киши жер тилкесин, унаасын алдатып жиберген. Шектүү 3 жылдан кийин кармалды

Алдоо жолу менен жабырлануучунун жер тилкесин, унаасын ээлеп алган делген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Буга чейин Тергөө кызматына арыз менен аял киши кайрылып, Куба аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал арызында 2018-жылдын ноябрь айында алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, жер тилкесин, РЕНО 340 үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып кеткендигин билдирген. Бул факты катталып, Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Иликтөө максатында милиция кызматкерлери шектүүнүн аты-жөнүн тактоо, жашаган жерин жана тааныштарын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлеринин аракети менен Бишкек шаарында 1989-жылы туулган шектүү кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери уланып жатат.