Бишкекте 83 жаштагы аял киши сабалып көз жумду. Кармалган шектүү 22 жашта

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-октябрда саат 21:10 чамасында «102» кызматына Абдыкадыров көчөсүндө белгисиз аял сабалган абалда жатат деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган Кайгуул кызматкерлери үй ээси менен ошол батирде убактылуу жашаган жарандын ортосунда уруш чыгып, ошонун айынан 1939-жылы туулган жаран катуу сабалып, эс-учуна келбей, ооруканага жетпей көз жумганы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.