Бишкекте аял киши унаасы менен милиция кызматкерин сүзүп кетти

Бишкектеги Гагарин көчөсү менен Кубанский тар көчөсүнүн кесилишинде Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаа айдап бара жаткан аял киши жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык бүгүн, 14-апрелде саат 09:30 чамасында катталган. Маалыматка караганда, жабырлануучу Ленин РИИБдин кызматкери. Жеринде Кайгуул кызматы иш алып барып жатышат.