Бишкекте аял кишини бычак менен коркутуп тоноп кетишкен. Шектүү кармалды

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга жаран арыз менен кайрылган. Ал базарда бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алган адамга карата чара көрүүнү суранган. «Жабырлануучу ал адам анын 5 миң сомун уурдап качып кеткенин көрсөткөн. Учурда кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.