Бишкекте аял короодо ойноп жүргөн баласын уурдатып жиберген. Шектүү кармалды

Кайгуул кызматкерлери адам урдоого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда саат 21:20 чамасында «102» кызматына бала уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда 1980-жылы туулган аял короодо ойноп жүргөн баласын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин кабарлаган.

Кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган аялды кармашып, Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.