Бишкекте аял кызынын зордукталганын айткан. Шектүү кармалды

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 24-майда арыз менен шаардын тургуну кайрылып, 13-майда саат 21:30 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси жакта чала таанышы унаасын токтотуп, күч колдонуп анын жашы жете элек кызын зордуктап салганын айткан. 

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1985-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.