Бишкекте аял майыптыгы бар кызы өз атасы тарабынан зордукталганын айтып чыкты

Көз карандысыз, эркин журналист Алтынай Арстанбекова социалдык тармактагы баракчасына «Өз атасы майыптыгы бар кызын зордуктады деген эненин көз жашы» деген видео жарыялады. Анда аял майыптыгы бар кызы өз атасы тарабынан зордукталганын айткан.

«Чогуу жашаганыбызда 24 жыл болду. Турмушка чыкканда эле мас болуп келип алып, кордук көрсөтчү. Жамгырда да, карда да үйдөн кубалап салган күндөрү болгон. Көгала болуп сабалганда дагы эч кимге кайрылган эмесмин. Мен Бишкекте жашайм. Ал келип-кетип турат. 2 уул, 1 кызым бар. Үчөө тең жолдошумдан. Уулдарым чоңоюп калды. 30-декабрда Таластан келди. Мас экен. Мен диванда, ал жерде уктап жаткан. Бирөө телефон чалып калды. «Эмне албайсың» деп мени бутуман сүйрөп туруп, кууп баштады. Мен «бир нерсе болсом, майып кызымды ким карайт» деп ойлонуп жаттым. Коё берген учурда качып чыктым. Кызымды алып кеткенге үлгүрбөй, көчөгө качып чыктым. Уулума чалым «Эмнеге жөнөттүңөр?» дедим. Ал «бизди да укпай кетип калды» деди. Милиция келгиче 1 саат өттү. Келгенде үйгө кирсек, зал тарапта күйөөм жатыптыр. Кызым жаткан бөлмөнүн эшиги ачылып калыптыр. Милицияга барганда кыздын колу титиреп, корккон абалда болду. Бирок мен атасынан шектенген эмесмин. Себеби, өз атасы деп ойлодум. Болбосо ошол жерден эле текшерет элем. 

31-декабрда соттон келсем кызым уктап жатыптыр. Ички кийиминде кызыл тактар бар экен. Ошондон байкап калдым. Ошондо да жаман ойлогон жокмун. Милиция чакырдым. Экспертизага бардык. Текшерип эле мурда эле зордукталыптыр деди. Мен ошол жерде өзүмдү жоготуп жибердим»,- деди ыйлаган аял.

Бул боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, 30-декабрда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыз түшкөнүн, бул арыз боюнча шектүү 7 суткага камакка алынганын билдиришти.

«Бул факты боюнча С.Б. аттуу жаран 7 суткага камакка алынган. Ошондой эле аялдан «2007-жылы туулган майыптыгы бар кызымды атасы зордуктаган болушу мүмкүн» деген арыз түшкөн. Ал кыздын өз атасы экени аныкталган. Аталган факты да каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат»,- деп айтылат милициянын маалыматында.