«Чай ичесиң». Бишкекте аял милиция кызматкерине 10 миң сом берип жаткан жеринен кармалды

Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылып, козголгон кылмыш ишин кыскартуу максатында 10 миң сом сунуштап жатканын айткан.

«14-май күнү 1960-жылы туулган жаран Бишкек шаарынын Тергөө кызматынын бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 10 миң сом акча берип жаткан жеринен кармалган. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон»,— деп айтылат маалыматта.