Бишкекте аялдамада турган баштык уурдалган. Ичинде 15 миң доллар болгон

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан уурдоо фактысы менен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу аталган райондук милициядан кабарлашты.

20-апрель күнү милицияга А.К. аттуу жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Фрунзе көчөсүндө 15 миң доллар өлчөмүндөгү жана документтер салынган капчыкты жашыруун уурдап кетишкенин айткан. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1970-жылы туулган Л.Д. аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.