Бишкекте аялдамада турган унааны айдап качкан шектүү кармалды

Унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

10-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда 11-декабрга караган түнү борбор калаанын Улан-2 кичи районунун аялдамасында токтоп турган Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кетишкенин билдирген. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 211-беренесине (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1992-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.