Бишкекте аялды сабап жатканда видеого түшүп калган эркек киши милицияга жеткирилди

Социалдык тармактарда Бишкекте аялды сабап жаткан эркек кишинин видеосу тараган. Видеонун авторунун айтымында, окуя Абдрахманов көчөсүндө болгон.

Октябрь РИИБден окуя боюнча маалымат беришти. «8-августта интернетте Байтик Баатыр менен Медеров көчөсүнүн кесилишинде аялга күч колдонуп жаткан кишинин видеосу тараган. Аталган факты Октябрь РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган. Милиция тарабынан бөлүмгө 1987-жылы туулган киши менен 1986-жылы туулган аял жеткирилди. Окуянын чоо-жайы аныкталып жатат. Териштирүү уланууда», — дешти.