Бишкекте аялды скутери менен жөөлөп, аны ооруканага алып баргандан кийин из жашырып кеткен жигит кармалды

Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан 61 жаштагы аялды скутери менен жөөлөй качкан 21 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 28-май күнү саат 14:00 чамасында болгон. Анда Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Саманчин көчөсүнүн кесилишиндеги жөө киши өтө турчу чийиндеги аялды түндүктү көздөй кетип бараткан скутердин айдоочусу жөөлөп кеткен. Кырсыктан жаракат алган 61 жаштагы аял айдоочу менен ооруканага барган. Бирок аны жөөлөгөн бала бир аз убакыттан кийин из жашырып кеткен. Кайгуул кызматкерлери 21 жаштагы баланы таап, кийинки териштирүүлөр үчүн Бишкек ШИИБге өткөрүп беришти. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси менен каттоого алынып, соттук өндүрүш башталды.