21-июнь күнү саат 08:30 чамасында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектиси менен Ала-Арчинский көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө өтмөктөн аялды сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн издөө иштеринин жыйынтыгында, окуяга шектүү 1969-жылы туулган айдоочу кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөн.