Бишкекте аялды сүзүп, ооруканага жеткиргенден кийин качып кеткен делген жаран кармалды

Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, ооруканага жеткирип, качып кетүүгө шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

14-июлда болжол менен саат 14:10 чамасында белгисиз айдоочу унаа менен Жаш Гвардия гүлбагы менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен унааны артка айдап жатып, 1969-жылы туулган аялды сүзүп, кийин ооруканага жеткирип, андан ары качып кеткен.

Бул факты боюнча Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Деу-Нексия үлгүсүндөгү унаанын 1970-жылы туулган айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИББдин Жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.