Бишкекте аялды зордуктоого шектелип 45 жаштагы киши кармалды

Бишкекте аялды зордуктоо фактысы катталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 23-январь, түнкү саат 01:00дө Бишкек шаарынын тургуну А.А.С. аттуу жаран ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал 22-январдан 23-январга караган түнү жашы 45тер чамасындагы белгисиз жаран аны зордуктап койгонун айтып арызданган.

Кылмышка шектелип, 1976-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 161-берененин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголду.