Бишкекте аялдын башына бир нече жолу чаап, алтын сөйкөсүн жана капчыгындагы акчасын тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте кечинде аялды башына бир нече жолу чаап, алтын сөйкөсүн жана капчыгындагы акчасын тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

«22-январь күнү А.Ю. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 20:00 чамасында Щербаков жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп, башына бир нече жолу чаап, 30 миң сомдук алтын сөйкөсүн жана капчыгынан 6 миң сомун тартып алганын айткан», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1996-жылы туулган жаран кармалган. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыр ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.