Бишкекте аялга бычак сайган шектүү жүрөк оорусу кармап ооруканага түштү

Бишкекте денеге оор залал келтирүү фактысы катталды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

4-сентябрда саат 20:40 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Чымкент көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 30 жаштагы аял бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, жыйынтыгы менен адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө бычактан жаракат алган 1965-жылы туулган жаранга Улуттук хирургиялык борборунда берилген маалыматка ылайык, боору жабыркаган деген диагноз коюлган. Бул кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган жаран аныкталып, окуя болгон жерден тез жардам кызматы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, инфаркт диагнозу коюлду. Учурда Биринчи май РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылып, ооруканада дарыланууда.