Бишкекте аялы менен наристесин ур-токмокко алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-февралда Свердлов РИИБге аял киши кайрылып, ага жана наристенин денесине жаракат келтирген жолдошуна чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 24-февралда саат 21:00 чамасында кайым айтышуу учурунда аны жана анын 2022-жылы туулган наристени сабаган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.