Бишкекте аялын бет талаштыра тээп, жерге сулата койгон жолдошу 7 күнгө камалды

Бишкекте аялын бет талаштыра тээп, жерге сулата койгон жолдошу 7 күнгө камалды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан кабарлашты.

Ленин райондук ички иштер башкармалагынан 32 жаштагы жаран «үй-бүлөлүк зомбулук» беренесинде каралган мыйзам бузуу үчүн кармалганын жана керектүү иш-чаралар улантылып жатканын билдиришти.

Буга чейин Бишкекте жолдошу аялын бет талаштыра тээп, жерге сулата койгон видео соцтармактарга тарап, Ленин районунун ички иштер башкармалыгынан аялы милицияга арыз жазуудан баш тартып койгонун маалымдашкан болчу. Кийин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү аялдын арыз жазуудан баш тартканы бул окуя боюнча териштирүү болбойт дегенди билдирбей турганын айткан.