Бишкекте аялын бет талаштыра тээп, жерге сулата койгон жолдошу сотко алып келинди

Буга чейин Бишкекте жолдошу аялын бет талаштыра тээп, жерге сулата койгон видео соцтармактарга тарап, Ленин районунун ички иштер башкармалыгынан аялы милицияга арыз жазуудан баш тартып койгонун маалымдашкан болчу.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, «үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча протокол түзүлдү. «Аялдын арыз жазуудан баш тартканы бул окуя боюнча териштирүү болбойт дегенди билдирбейт», — деди ал. Аялына кол көтөргөн эркек кишинин аты-жөнү аныкталып, ал кармалып, кийин сотко жеткирилди. Учурда соттун чечими күтүлүүдө жана эркек киши камакка алынышы ыктымал.

Ошондой эле соцтармакта жубайлардын сүрөтү тарады. Анда сотко жеткирилген эркек кишинин жанында аялы да бар. Буга чейин урушуп жаткан жубайлардын кол кармашып бара жатканын көрүүгө болот.