Бишкекте аялын бычактап өлтүрүүгө шектүүнүн бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
15-ноябрда саат 07:40 чамасында милицияга медициналык мекемеден билдирүү келип түшкөн. Анда 1997-жылы туулган келин көптөгөн сайылып-кесилген жаракаттары менен жеткирилгендиги жана алган жаракаттарынан эсине келбей көз жумганы кабарланган. Окуя болгон жерге дароо Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 15-ноябрда эртең менен Бишкек шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринде 1997-жылы туулган Н.А. менен анын 1990-жылы туулган жолдошу А.Р. арасында чыр чыгып, экөө тең сайылып-кесилген жаракат алышып, туугандары тарабынан ооруканага жеткирилгени аныкталган. Кесепетинен келин алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси 2-бөлүгү (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ленин райондук соту 1990-жылы туулган жарандын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүндө тандады.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы бул фактыга тийиштүү укуктук баа берүү жана жазанын сөзсүз аткарылышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрөт.
Бул иш Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Тергөө иштери уланууда.