Бишкекте байланышка чыкпай жаткан кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 19-апрель күнү Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринин тургуну байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, батирдин эшигин ачканда ичинен 76 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.