Бишкекте бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Алматинская көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имаратынан чыккан өрт өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө саат 08:05те 2 бөлүм тартылган эле. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Бүгүн таң эрте бала бакчадан чыккан өрт саат 10:20да толук өчүрүлдү. Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган», — деп айтылат маалыматта.