Бишкекте бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Жумабек көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу «Дастан» бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен. Өрт саат 13:42де чектөгөө алынып, 14:43тө толук өчүрүлгөн. Болжол менен 200 чарчы метр жер өрттөнгөн.